Биз социалдык тармакта

"Айрым жерлерде жаан жаайт". 30-октябрга карата аба ырайы

Кызгидромет билдиргендей, 30-октябрга караган түнү Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Талас облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан