Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин эки конушунда суу болбойт

Эртең, 31-октябрда Бишкектин эки конушунда суу болбойт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Мурас Ордо конушунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин, Калыс-Ордо конушунда саат 09:00дөн 15:00гө чейин суу жок болот.

Мындай чара Мурас Ордо, Калыс-Ордо суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан