
Эртең, 31-октябрда борбор калаада жылытуу сезону башталат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, мындай чечим Бишкек шаары боюнча метеорологиялык божомолду эске алуу менен абанын сырткы температурасына ылайык штаб тарабынан кабыл алынган.
"Объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Алгач жылуулук ооруканаларга, бала бакчаларга, мектептерге, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан соң турак жайлар, өнөр жай ишканалары жана мекемелер туташтырылат.