ИИМдин башкармалыктарынын жетекчилик курамына ротацияга байланыштуу жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин буйругу менен төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты.
- ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды;
- ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Оролбек Акпаров ээлеген кызматынан бошотулуп, ИИМдин Күзөт кызматынын (башкы башкармалык укугунда) башчысы болуп дайындалды.