
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Достук" бекети штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Эске сала кетсек, аталган өткөрүү пунктунда адамдарды жана унааларды өткөрүү 2 саатка токтотулган.
Белгиленгендей, мындай чара Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун (Тышкы миграцияны эсепке алуу тутумунун) жаңылануусуна байланыштуу болгон.