Биз социалдык тармакта

Ош шаарында тогуз айдын жыйынтыгы чыгарылды (фото)

Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өтүп, анда 6 маселе каралды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, жыйынга калаа башчысы Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мэрдин орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде каралган маселелер:

  • Ош шаарынын 2023-жылдын тогуз айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2023-жылдын IV кварталына карата милдеттер жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден-соолугун, саламаттыгын сактоо системасын өнүктүрүү боюнча “Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө” программасынын аткарылышы жөнүндө;
  • Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жана Геопортал электрондук маалыматтык системасынын долбоорунун аткарылышы жөнүндө;
  • Ош шаарынын эконмика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;
  • “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө;
  • 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарында, кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышынын абалы жөнүндө.

Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча токтом долбоорлору кабыл алынып, белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан