Биз социалдык тармакта

1 килограммы 2 миң евро турат. Министрлик шафран өстүрүүнү сунуштады (фото)

Кыргызстанда шафран өсүмдүгүн өстүрүүнү жайылтуу боюнча мамлекеттик программа даярдалып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган программа кабыл алынса, фермерлерге шафранды туура өстүрүү боюнча окутуулар жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, шафран дүйнөдөгү эң кымбат жана баалуу өсүмдүктөрдүн бири. Аталган өсүмдүктүн жалбырактары азыктык жана дарылык касиетке ээ. Ал жапайы жаратылышта сейрек кездешет. Иран, Испания, Индия жана башка кээ бир өлкөлөрдө өстүрүлөт. 1 килограммы 2 миң евро турат.
"Ал эми 2021-жылдын 26-сентябрынан баштап Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги коллекциялык питомнигинде эксперименталдык талаачада шафран өстүрүлүп жатат. Бул өсүмдүктү өстүрүү бардык дыйкандарга сунушталат" дешти министрликтен.
Министрлик шафран өстүрүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан