Биз социалдык тармакта

"Тоолуу райондордо кар жаайт". Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 1-ноябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15 градус,

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14 даража,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19 га чейин жылыйт.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +11…+13 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан