Биз социалдык тармакта

Ош шаарында көмүрдүн бир тоннасы 6500 сомдон сатылууда

Ош шаарында сатылып жаткан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, мэриянын кызматкерлери Мамыров көчөсүндөгү жана Ак-Тилек кичи районундагы көмүр сатылып жаткан жайлардагы кара отундун бааларын текшерип, сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери өткөзүштү.

Азыркы тапта Ош шаарында көмүргө болгон баа туруктуу экендиги айтылды.

Белгилей кетсек, 25-октябрдан тарта ата мекендик көмүрдүн бирдиктүү баасы (90 календардык күнгө) белгиленген. Ага ылыйык, кара отундун баасы тоннасына 6 500 сомдон, чекене баасы 1 килограммга 7 сомдон ашпоо керек.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда, колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан