Биз социалдык тармакта

"Баасы бир топ арзан". Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн, 1-ноябрда Ош шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда мамлекеттик дарыкананын ачылышы болду. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, дарыканага “Эл аман” деп ат коюлду.

Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15 пайыз арзан сатып ала алат.

Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев,жергиликтүү бийлик өкүлдөү жана шаар тургундары катышты.

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан