Эртең, 2-ноябрда Бишкектеги айрым көчөлөрдө суу токтойт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы кабарлады.
Маалымдалгандай, саат 10:00дөн 13:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде, ишканаларда ичүүчү суу жок болот.
Өчүрүү району Профсоюз к. – Месарош к.- ЧЧК – П. Лумумба көчөлөрү менен чектешет. Ошондой эле П. Лумумба 139 насостук станциясы кирет.
Ичүүчү шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу берилбейт.
“Бишкексууканал” калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну эскертти.