Биз социалдык тармакта

Аламүдүн районунда 60 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында "Акбермет" аттуу бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, бала бакчанын курулушу 2017-жылы башталып, бүгүнкү күндө толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мекеме эки тайпага ылайыкталган, анда 60ка чейин бала тарбияланат. Бала бакчанын аянты 180 чарчы метр, 0,5 гектар аянтты ээлейт. Курулуштун жалпы баасы 16 миллион сомду түздү.

Бала бакча көмүрдү колдонууга ылайыкталган жылытуу системасы менен жабдылган, ошондой эле бала бакчада балдардын коопсуздугу үчүн суу түтүктөрү орнотулуп, өрт сигнализациясы орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан