
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар борборунун суучулдары бул жолу да аба ырайынын бузулганына карабай көлдү тазалашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Тактап айтканда, 30-31-октябрь күндөрү суучулдар балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарышты.
"Алар Түп районунун Ой-Тал, Жаркынбаев айылдарын жана Түп куймасынын тушунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тазалоонун 198-күнүндө көл аянтынын 549,75 гектарын тазалап, 3800 метр тор алып чыгарышты", - деп билдиришти министрликтен.
Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен тазалоо башталгандан тарта суучулдар 352 642, 15 гектардан Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 456 килограмм ар кандай таштанды жана 143 миң метр тор тазалашкан.