Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Подгорный каналы оңдолду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Маалымдалгандай, узундугу 543 метрди түзгөн Подгорный каналынын ремонтуна делип мамлекеттик бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Аталган канал аркылуу Теплоключенка, Кереге-Таш, Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн 1200 гектар жери сугарылат.