Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев Чүйдө УКМКнын дагы бир имаратын ачты (фото) 

Бүгүн, 2-ноябрда УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы салынган жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.

Салтанатка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган.

Ташиев өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sfsukmgazgif
2023-11-02 22:18:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан