Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Казакстандын Астана шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги жыйынына катышат.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

Кыргыз Республикасынын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Талгат Аширбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sfsukmgazgif
2023-11-02 22:18:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан