
Эртең, 3-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, 0…-2 (үшүк), күндүз 13…18 даража;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6 -1…-3 (үшүк), күндүз 13…18 градус болсо,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21ге жетет.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,
Нарын дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз +10…+15.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.