Боом капчыгайында 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
"Темир жолдун 3898-3899-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.
“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.