УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкө ичиндеги алтынды ташыган унааларды көрсөттү. 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамында эски аянтта гарнизондук саптык кароо учурунда тартылган видеону "Ала-Тоо 24" телеканалы жарыялады.
Анда атайын кызматтын башчысы мындай сооттолгон машиналар жаңы алынганын айтты.
“Мурда милиция кызматкерлери жөнөкөй унаалар менен гана ташып жүрүшчү да. Кооптуу болчу. Азыр кызматкерлердин өздөрүнө да коопсуз болуп калды”, - деди Ташиев.