Голливуд актрисасы жана БУУнун мурдагы элчиси Анжелина Жоли Израилдин Газага жасаган чабуулун сындады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Актрисанын айтымында, Израиль бийлиги Газа тилкесинин бейкүнөө тургундарын бомбалап, анклавды ачык эле көмүлгөн жайга айлантып жатат. Ошондой эле актриса Израиль армиясы камалып калган калкты атайылап бутага алып жатканын жана дүйнөлүк коомчулук бул процесске жөн гана көз салып турганын кошумчалады.
"Газа дээрлик жыйырма жылдан бери ачык абак болуп келген жана тез эле массалык көрүстөнгө айланып баратат. Каза болгондордун 40 пайызын бейкүнөө балдар түзөт. Бүткүл дүйнөнүн алдында жана көптөгөн өкмөттөрдүн жигердүү колдоосу менен миллиондогон палестиналык жарандар жазаланып, аларга тамак-аш, дары-дармек жана гуманитардык жардам көрсөтүлбөй жатат", - деп жазган ал.
Жоли дүйнөлүк лидерлер согуштук аракеттерди тезинен токтотууну талап кылуудан баш тартып, бул кылмыштарга шериктеш болуп жатканын билдирди.
Эске салсак, ХАМАС кыймылы 7-октябрда Израилге чабуул жасаган. Андан бери Израиль Газа секторуна абадан соккусун улантууда. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, 7-октябрдан бери Израиль аталган аймакка 18 миң тонна жарылгыч зат таштаган. Окумуштуулар мындай жарылгыч зат 50 метрлик аралыктан эле адамдын бүтүндөй организмин уулай турганын айтышууда.
Кечээ, 2-ноябрда Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган аймакта Израилдин чабуулунан улам каза тапкандардын саны 9061 адамга жеткенин билдирген. Министрлик каза тапкандардын 60 пайызын балдар менен аялдар түзөрүн, ошондой эле 32 миңден ашык адам жаракат алганын маалымдаган.