Биз социалдык тармакта

9-ноябрда борбор калаанын айрым көчөлөрүндө суу токтойт

9 -ноябрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө суу убактылуу токтойт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” ишканасы кабарлады.

Саат 9:00дөн кечки саат 21:00гө чейин төмөнкү даректерге суу берилбейт:

• Ала-Арча суусу – темир жол – Жибек-Жолу проспектиси – Жаш гвардия бульвары;
• Жаш гвардия бульвары – темир жол – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси;
• Ала-Арча суусу – Чуй проспектиси – Ден Сяопин проспектиси – Осташков – Дмитров – Москва – Асаналиев көчөлөрү;

Ичүүчү суу "Запад-2" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөрү айтылды.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан