Биз социалдык тармакта

Улуттук госпиталдын алдында "Эл аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Бүгүн, 4-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын базасында уюштурулган кезектеги “Эл аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

"Дарыканада эң керектүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15 пайызга арзан сатып ала алат", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте дарыканадагы дары-дармектердин ассортиментин сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан