Биз социалдык тармакта

Ош шаарында дагы 4 суу кампасы курулат

Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 таза суу кампасы курулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Муниципалитет көчмө жыйында жаңы долбоорду талкуулады. Ошондой эле жеринде тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Буга чейин өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метр болгон 4 суу кампадан турган комплекс курулуп, пайдаланууга берилген.

Аталган иш-аракеттер Ош шаарынын тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Долбоор 2024-жылдын иш-мерчемине киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан