Биз социалдык тармакта

Эртеңден баштап Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт

Эртең, 6-ноябрдан баштап Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт. Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Маалымдалгандай, таш кулатуу иштери 10-ноябрга чейин жүрөт.

Темир жолдун 3898-3899 чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Бул учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулат.

Күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жолдогу унаалар бир тилкеге багытталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан