Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Тажикстан менен чектешкен Кызыл-Бел айылынын имамы Жусупбек Кудайбердиевге унаа белек кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү айылдын 1985-жылы туулган тургундары акча чогултуп Nexia үлгүсүндөгү автоунаа белек катары беришти.
“Биз 1985-жылы туулган айылдын тургундары, буга чейин да соопчулук үчүн кайрымдуулук иштерин уюштуруп, айыл элине колубуздан келишинче кызмат кылып келебиз. Бүгүн, имамыбыз Жусупбек Кудайбердиевдин айыл үчүн кылган эмгектерин баалап, айрыкча жаштарды ыйман жолуна чакырып, адеп-ахлакка үндөп келгендигине ыраазычылык катары автоунаа белек кылууну чечтик”, — деп билдиришти имамдын достору.