Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрда милицияга А.З. аттуу калаа тургуну кайрылып, Т.Т. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырланууучу 29-сентябрда ал Мурас Ордо жаңы конушундагы үйүн сатам деп 29 миң доллар акчасын алып, бирок үйдү башкага сатып, из жашырып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Т.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0(500) 03-03-05 жана 102 телефондоруна кайрылыңыздар", - деп айтылат билдирүүө.