Биз социалдык тармакта

Байге фонду 1 миллион сом. Тогуз-Тородо акындардын республикалык айтышы өтөт

Жалал-Абад обулусунун Тогуз-Торо районунда “Саймалуу-Таш санаты” аттуу акындардын республикалык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу "Манас" театрынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, айтыштын алгачкы тандоо турлары бүгүн, 6-ноябрда Кыргыз улуттук тарых музейинин чоң залында өтүп жатат.

Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 18-ноябрда Тогуз-Торо райондук Азирет Сыдыков атындагы Маданият үйүндө саат 18:00дө башталат.

Иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында жана Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” петроглифтерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында өткөрүлүп жатканы белгиленди.

Белгилей кетсек, айтыштын байге фонду 1 миллион сом. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан