Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Тазалык" муниципалдык ишканасынын техникаларынын кышка карата даярдык иштери менен таанышты.
Калаа мэриясынан билдиргендей, Жунушалиев ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, базалардын биринде техника, ошондой эле туз жана башка инерттүү материалдар сакталаган кампаларды көрүп чыкты.
Таанышуунун жыйынтыгы боюнча калаа башчысы кыш мезгилин штаттык режимде өткөрүү үчүн 15-ноябрга чейин бардык атайын техникаларды даярдоо тапшырмасын берди.