Эртең, 7-ноябрда өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21 даража,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +16…+21 градус,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23кө чейин жетет.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +10…+15.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.