Биз социалдык тармакта

"Бир гана желекти тааныйм". Айсулуу Тыныбекова желекти өзгөртүү боюнча пикирин билдирди

Спортчу Айсулуу Тыныбекова желекти өзгөртүү боюнча пикирин билдирди.

Ал бир гана желекти тааный турганын
Кочкор районунун жаштары менен жолугушуу учурунда айткан.

"Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери мен бир гана желекти тааныйм. Биз аны таанытыш үчүн ушундай иштерди жасап, аракет кылуудабыз. Мен бул желектин астында ийгиликтерге жетишип жатам", - деген спортчу.

Эскерте кетсек, дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова учурда кичи мекени Нарында жүрөт. Мында буга чейин анын катышуусунда бир катар иш-чаралар өтүп, спортчуга "Нарын районунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан