Бишкекте эки айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп изделип жаткан В.Д. аттуу кыздын сөөгү табылды. Бул туурасында Октябрь РИИБинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, ал ушул жылдын 31-августунда 7-кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Ал эми 4-ноябрда милицияга шаардагы Ботаникалык бакчада кыздын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ал өзүн-өзүн өлтүргөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери анын денесинен кыйноонун белгилерин тапкан эмес.
Кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө иштери башталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.