Биз социалдык тармакта

Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде кеңейтүү боюнча даярдык иштери башталды 

Ош шаарында Ош көчөсүнүн Ж.Райымбеков көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдыктар башталып, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу жолдун чек арасын тактап, “кызыл сызыктан” чыккан имараттардын чек арасын белгилешти.

"Жолдун туурасы эки тарабындагы тротуарларды, ирригациялык тармактарды, жарыктандырууну кошкондо 12 метр. Жалпы узундугу болжол менен 800 метрди түзөт.

Аталган тилкеде оңдоп-түзөө иштери 2024-жылга мерчемделген",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан