Ноокат районунун 12 жаштагы тургуну Мираж Акбаев орусиялык белгилүү алып баруучу Андрей Малаховдун "Песни от всей души" теле берүүсүнө барып, Юрий Шатуновдун "Белые розы" ырын аткарды.
Берүү 5-ноябрда көрсөтүлгөн. Анда кыргызстандык Мираж Акбаев Шатуновдун ырын аткарган. Ал ыр аткарып жатканда Малахов баш болгон залдагылар бийлеп турушту.
Берүүдө ошондой эле анын үй-бүлөсү, чыгармачылыгы тууралуу видео көрсөтүлдү. Мираж Акбаев ошондой эле Андрей Малаховду Кыргызстанга чакырды.
Берүү учурунда Андрей Малаховго калпак кийгизилип, комуз белекке берилди.