Өзгөндө жаңы курулган мектеп колдонууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин курулуш иштери 2022-жылы башталып, курулуш иштери аякталып колдонууга берилди.
"Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Алга айылында 2 кабаттуу, 150 орунга ылайыкталган М. Ботобеков атындагы мектебинин курулушу аяктады", - деп айтылат маалыматта.