Жетишилген макулдашууга ылайык, 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстан делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Андагы маалыматка караганда, жолугушуу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болгон.
"Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17,98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды макулдашуу боюнча ишти улантат", - деп жазылат билдирүүдө.