Бишкекте төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлигинен кабарлашты.
Президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, мааракени Маданият министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы биргелешип уюштуруп жатат.
Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында саат 10:00дө башталат. Ал эми жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Жалпы байге фонду 1 миллион сом.