Бүгүн, 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы Рацек чокусунда орусиялык турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында кабарланат.
Маалым болгондой, 41 жаштагы турист 4300 метр бийиктиктеги Рацек чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган. Аны ӨКМге караштуу Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын куткаруучулары менен куткарышты.
Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.