Биз социалдык тармакта

Бейшембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 9-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +6…+11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз 7...12;

Нарын жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +8…+10 градус болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан