Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда аба ырайынын бузулушу: Ашууларда абал кандай?

Өлкөнүн ашууларындагы жолдордо кар жаап жатат, бирок жол каттамы ачык. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасы кабарлады.
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат, жол ачык;
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык;
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында учурда кар жаап жатат. Унаа жол ачык, кызматкерлер бар;
Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда каттам ачык, кызматкерлер бар;
Ысык-Көл облусунун Чоң ашуусунда ашуусунда күн бүркөк. Учурда ашуу ачык, каттам бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан