Биз социалдык тармакта

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу берилбейт (Даректери) 

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасынын маалыматында жазылат.
Белгилүү болгондой, ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Агы ылайык, саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректерде суу берүү токтотулат:
• Ала-Арча суусу- темир жол - Жибек -Жолу проспектиси - Ж. Гвардия бульвары;
• Жаш Гвардия бульвары - темир жол –Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси;
• Ала-Арча суусу – Чүй проспектиси - Д. Сяопин проспектиси – Осташков – Дмитров - Москва –Асаналиев көчөлөрү.
"Бишкексууканал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан