Биз социалдык тармакта

15 пайызга чейин арзан. Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды 

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын филиалы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтында кабарланат.

Маалыматка ылайык, дарыкананын ачылышына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Октябрь районунун акиминин орун басары Чинара Жаныкеева катышты.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи: "Өзүңөр көрүп тургандай, биз күн сайын 2-3 мамлекеттик дарыкананы ачып жатабыз. Ушул темп менен жыл аягына чейин бардык пландаштырылган 46 мамлекетик дарыкананы ача алабыз. “Эл Аман” мамлекетик дарыкананын ачылышы элге эбегейсиз пайда алып келүүдө. Дары-дармектердин жеткиликтүү баада болушу ден соолуктун гана эмес, социалдык адилеттүүлүктүн да маселеси", – дейт министр.

Ошондой эле “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге арзандатуу 10-15 пайыз түзөрү дагы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-11-09 15:25:00
Бары бир жеке менчик дары-каналар үстөмдүк кылат. Мамлекеттик убактылуу гана иштейт кийин жабып калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан