Кечээ, 8-ноябрда Баткен облусунун чек ара отрядынын контракттагы жоокери спорттук иш-чарада каза болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, буга коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон. Анда 1996-жылы туулган прапорщик Ы. уулу С. баш мээсине оор жаракат алып, тез арада Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок жабырлануучуну сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бардык тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерге Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү кетишти.