Чүйдө ишкерлерди опузалап ай сайын акча алып жүргөндөр кармалды (видео)

Чүйдө ишкерден ири суммадагы акча каражатын талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Чүй облусунун тургунун коркутуп, 45 миң доллар өлчөмүндөгү акча талап кылып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бул факты тастыкталган. Белгилүү болгондой, опузалап акча талап кылгандар колунда бар адамдарды аныктап, ай сайын ири суммадагы акча берип турууну талап кылып, коркутуп келишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, Кара-Балта шаарынын аймагынан жогоруда көрсөтүлгөн акчанын бир бөлүгүн - 165 миң сом алып жаткан жеринен кылмыштуу топ кармалды.

Кармалган жарандар Чүй облусунун Панфилов районунун тургундары:

- 1993-жылы туулган Д.А..
- 1985-жылы туулган Ж.М..
- 1994-жылы туулган О.М..
- 1988-жылы туулган У.К..
- Орусиянын жараны 1986-жылы туулган Т.Б..

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан