Буга чейин социалдык тармактарда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын юбилейинде сөз сүйлөп жаткан видео интернетке тараган.
Өз кезегинде, президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бул боюнча түшүндүрмө берди.
"Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда. Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары, тойго катышкан себеби кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Камчы Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз", - деп жазды Орунбеков.