Бүгүн, 9-ноябрда саат 13:45 Бишкек-Ош унаа жолунда Төө-Ашуу менен Сосновкадагы унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Учурда №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Чектөө бүгүн саат 10:00дөн тартып киргизилген болчу.