Кечээ, 15-декабрда Бишкектеги “Стронг” спорттук клубунда тайбокс боюнча жаштар, кыздар жана чоңдор арасында Кыргызстандын Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-ирет уюшулуп жаткан Кыргызстандын Ачык биринчилигине 14 спорттук клубдан 92 мушкер катышып, кыздар, жаштар жана чоңдор арасында чемпиондор аныкталды.
Кыздар арасында:
45 килограмм - Жарашбек кызы Уулжан (“Кемин” спорт клубу)
48 килограмм - Эркинбек кызы Альбина (“Кемин”)
54 килограмм - Эркинбек кызы Айсулуу (“Маралбек”)
Жаштар арасында:
45 килограмм - Ерса Башир (“Кемин” спорт клубу)
48 килограмм - Санжуров Расул (“Токмок”)
51 килограмм - Калыс уулу Майрамбек (“Кемин”)
54 килограмм - Сламбеков Амантур (“Маралбек”)
57 килограмм - Рахмаделеев Дастан (“Муайтай”)
60 килограмм - Ибрагим уулу Жеңишбек (“Кимclub”)
63,5 килограмм- Кеңешбек уулу Аскат (“Муайтай”)
67 килограмм - Айтбаев Манас (“Ахиллес”)
71 килограмм - Алымбеков Нуржигит (“Кимclub”)
75 килограмм - Туралиев Чубак (“Кемин”)
Чоңдор арасында:
51 килограмм - Тилембаев Кумарбек (“ВИВС КР”)
54 килограмм - Абдуев Иса (“Кемин”)
57 килограмм - Үсөнов Акыл (“Амир”)
60 килограмм - Кашкараев Данияр (“Спарта”)
63,5 килограмм - Көкөев Арзымат (“Ахиллес”)
67 килограмм - Бейшебек уулу Жаныбек (“Жолборс”)
71 килограмм - Матысаев Бекжан (“Спарта”)
75 килограмм - Молдобеков Элдияр (“Спарта”)