Бишкекке келген жаңы автобустарга ылдамдыкты чектеген программа орнотулат, эми айдоочулары саатына 60 чакырым ылдамдыктан ашыра алышпайт. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.
“Жаңы автобустарга ылдамдыкты чектей турган жаңы программа киргизип жатабыз. Ал аркылуу кайсы автобус ылдамдыкты, эрежелерди бузганын көрө алабыз. Эми газды канчалык баспасын 60тан аша алышпайт", - деди ал.
Ал ошондой эле азыркы учурда кичи автобустардын ылдамдыгын көзөмөлдөй албай тургандыгын, сатылып алынган жаңы автобустар келсе алар шаар четине чыгарыла турганын кошумчалады.