Эртең, 10-ноябрдан баштап Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду. Ага ылайык, борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу шаардагы 80 даана көп кабаттуу үй, 30дан ашуун бюджеттик жана коммерциялык мекемелер жылуулук менен камсыздалат
"Жалал-Абад шаарында 18 откана болсо, бүгүнкү күндө анын бардыгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1200 тонна көмүр, 670 тонна мазут камдалып учурда кышка толугу менен даяр абалда" деп билдиришти мэриядан.