Биз социалдык тармакта

Министрлик таштандыдан табылган ымыркайдын абалы тууралуу үн катты

Бүгүн, 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги таштанды челектен табылган ымыркайдын абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматта 8-октябрда саат 23:38де Бишкектеги №1 төрөт үйүнө апасы жок жаңы төрөлгөн ымыркай жеткирилгени айтылат.

"Эркек баланын салмагы 2210 граммды түзгөн. Ал убагына жетип эле төрөлгөнү менен салмагы аз болгон", - дешти министрликтен.

Кошумчалангандай, баланын белгисиз шартта төрөлүшү, катуу гипотермиядан (температуранын 28,4 градуска чейин төмөндөшүнөн) абалы оор.

"Жандандыруу бөлүмүндө балага дароо бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү: кароо, жылытуу, инфузиондук терапия.

Бүгүнкү күндө дарыгерлер баланын абалын туруктуу деп баалашууда, кычкылтексиз, формула менен тамактандырып, инкубатордо, дарыланып жатат. Балага бардык оптималдуу шарттар түзүлүп, байкоо уланууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектеги таштанды челектердин биринен ымыркай бала табылганын SUPER.KG порталына Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан