Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкекте “Жашар 2023” жаштар фестивалы өтөт

Эртең, 10-ноябрда саат 12:00дө Жаштар күнүнө карата Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Жашар 2023” жаштар фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрлик “Борбордук Азиядагы билим берүү дебат ассоциациясы” коомдук фонду, Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте "Жашар 2023" платформасын ишке киргизип жатат.

“Жашар” фестивалында “Сүйлө”, “Жаса”, “Кара” диалог аянтчаларында түрдүү темаларда талкуулар, көргөзмөлөр өтөт.

Иш-чарага катышуу үчүн idea_ca баракчасы аркылуу жазылуу керек.

“Жаштар күнү” Кыргызстанда жыл сайын 10-ноябрда белгиленет. Өлкөдө жаштар калктын жалпы санынын 35 пайызын түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан